www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 20 күндөн кийин жаңы эвакуаторлор ишке кирет

Бишкекте автоунааларды туура эмес токтоткондорго каршы күрөшүү үчүн муниципалдык эвакуаторлор сатып алынууда. Бул тууралуу "Жол-транспорттук инфраструктура" ишканасынын башчысы Ренат Султамамытов билдирди.

Анын айтымында, муну менен мэриянын балансында Кытайдан чыгарылган Shacman X9 үлгүсүндөгү 10 эвакуатор болот. Анын жетөө Кыргызстанга алып келинди.

"Бул техникалар 20 күндөн кийин ишке кирет. Анткени бажыдан жана каттоодон өткөрүүгө, ошондой эле айдоочуларды окутууга убакыт кетет", — деди Султамамытов.

Ар бир машина 33,5 миң доллардан (дээрлик 3 млн. сом) сатып алынган. Алар автокөлүктөрдүн эки дөңгөлөгүн көтөрүп сүйрөтөт. Эгер сүйрөөгө ылайыкталбаса астына дөңгөлөктүү домкрат салып, алып кетет. Жолтандабас, кичи автобустарды дагы тартып кетүүгө жөндөмдүү.

Бул эвакуаторлордун узундугу — 6,4, туурасы — 2,3, бийиктиги 2,8 метр. Учурда документтери таризделип жатканы белгиленди. Апрелдин башында калаада иштей баштайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости