www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы жөөт мамлекетинин армиясы Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарына басып кирсе, Израилге аскердик жардамды чектөө мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу «Politico» гезити өз булактарына таянуу менен билдирди.
Булактардын айтымында, Байден келечектеги курал-жарактарды которууну чектөөнү азырынча чече элек, бирок эгер Израил палестиналык жарандар үчүн көбүрөөк азап-тозок алып келе турган жаңы операция баштаса, ал мындай кадамга барышы мүмкүн.
Бирок, газетанын Израилдин екметундагы булактары Рафахка басып кируу болбой койбойт деп билдирди. Алардын айтымында, Газа-Египет чек арасындагы шаарга кирүү алдында жайкын тургундар дагы эле эвакуацияланып, аскерлерди машыктыруу керек. Тиешелүү буйрук чыкса дагы операция азыр башталбай турганын Politico маектештеринин бири тастыктады.
"Андан тышкары, Израил дагы эле АКШ администрациясына Рафахтагы карапайым калкты коргоо боюнча ишенимдүү жана ишке ашырыла турган планды сунуштай элек", - деди дагы бир булак.
Байдендин мындай кадамга барууга даяр болушу анын Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен болгон мамилесинин ашкере чыңалуусун чагылдырганы белгиленген.
«Вашингтондун администрациясы Израилге таасир этүү үчүн ар кандай дипломатиялык тактикаларды колдонду. «Аскердик жардамды чектөө аракети Израилди Рафах операциясы тууралуу пикирин өзгөртүүгө мажбурлоонун дагы бир жолу болушу мүмкүн», - деп айтылат макалада.
Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин пресс-кызматкери Адриен Уотсон комментарий берүү өтүнүчүнө: "Биз анонимдүү ушак-айың кептерге комментарий бербейбиз же президенттин ушул дем алыш күндөрү айткандарына кошумчалабайбыз" деп жооп берди.
Ак үйдүн басма сөз катчысынын орун басары Оливия Далтон Байдендин жардамды Израилдин келечектеги аракеттерине байланыштырууга даярдыгы жөнүндөгү суроого жооп берип жатып, "Президент биз кабыл алган жана колдонуп жаткан башка ыкмалар натыйжалуураак деп эсептейт" деди.
Белгилей кетсек, буга чейин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху "Фокс Ньюстун" түз эфиринде АКШ менен Израилдин ортосундагы "көз караштардын айырмачылыгы", президент Жо Байден менен пикир келишпестиктери Газага кол салууларга тоскоол боло албасын айткан.