www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылы "Чакан ГЭС" ААК электр жабдууларын жаңылоо боюнча комплекстүү программаны ишке ашырат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

"Чакан ГЭСтин" 2026-жылга карата иш-планында гидроагрегаттарды капиталдык оңдоо, эски станцияларды реконструкциялоо, ошондой эле жаңы объекттерди ишке киргизүү каралган.

Иш-пландын алкагында төмөнкү гидроагрегаттарды капиталдык оңдоо пландалууда:

ГЭС-3түн №1 гидроагрегатында;

ГЭС-4түн №1 гидроагрегатында;

ГЭС-5тин №2 гидроагрегатында;

ГЭС-6нын №2 гидроагрегатында.

Мындан тышкары:

ГЭС-1дин №1 гидроагрегатында оңдоо иштерин жүргүзүү;

Быстровка ГЭСинин №2 гидроагрегатында ремонттук иштер;

Орто-Токой ГЭСин пайдаланууга берүү;

Папан ГЭСинин курулушун улантуу;

Лебединов ГЭСин реконструкциялоо;

Электромобилдер үчүн 20 кубаттоочу станция орнотуу каралган.

"Бул иштер жабдуулардын кызмат мөөнөтүн узартууга жана 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилинде анын туруктуу иштешин камсыздоого мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.

Последние новости