www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын президенти Владимир Зеленский Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жардам көрсөтүүнү сунуштады.
Ал араб лидерлери Москвага ок атышууну токтотууга макул болууга таасир эте алса, Украина Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөргө ирандык “Шахед” дрондорун жок кылууда колдоо көрсөтө аларын айтты.
Зеленский Жакынкы Чыгыш лидерлеринин Россия менен жакшы мамилеси бар экенин белгилеп, алардан бир айлык ок атышууну токтотууну суранышы керектигин кошумчалады.
Анын айтымында, эгер ок атышуу токтотулса, Украина бул өлкөлөргө дрондорду кармоо боюнча мыкты адистерин жөнөтөт. Ошондой эле ал БАЭ, Сауд Арабиясы жана Катар Владимир Путин менен бекем экономикалык байланыштарга ээ экенин айтып, зарыл болсо Израилге да ушундай эле жардам көрсөтүлүшү мүмкүн экенин белгиледи.
Мындайды “өлө албай жатып өлөң айтат” дечү беле? Болбосо “чычкан ийининен кире албай жатып, куйругуна калбыр байлат” деп сыпаттаса жарашат.