www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2023-жылы калкка жер титирөөлөр жөнүндө кабар берүү үчүн Алматы шаарындагы 16 сейсмостанциянын 11ине 527 миллион теңгеге жабдуулар сатып алынган.

Бул тууралуу Казакстандын Сейсмологиялык изилдөөлөр боюнча улуттук илимий борборунун башчысы Даулет Сарсенбаев президент Касым-Жомарт Токаевдин кабыл алуусунда болгондо билдирди.

Анын айтымында, 2021-2023-жылдары 25 байкоо жайы ачылып, эл аралык кызматташтыктын алкагында 10 станция жарым-жартылай модернизацияланган.

Президент жер титирөөлөр жөнүндө алдын ала эскертүүнүн заманбап системаларын киргизүү жана сейсмологдордун квалификациясын жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

Буга чейин Алматы шаарынын акими Ерболат Досаев калаада май айынын аягына чейин өзгөчө кырдаалдар жөнүндө мобилдик түзмөктөр аркылуу ыкчам кабар берүү системасын пилоттук режимде киргизүү пландалып жатканын билдирген. Анда бул үчүн 475 миллион теңге бөлүнгөнү айтылган.

Өткөн жуманын соңунда президент кабыл алган Досаев 4-марттагы жер титирөөдөн кийинки арыздардын негизинде Алматыдагы объектилерди комплекстүү текшерүү иштери башталганын билдирди. Анын айтымында, 2024-жылы жалпысынан 13,2 миң объектини текшерүү пландалууда.

Factcheck.kz басылмасынын маалыматына ылайык, 2023-жылы Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер силкинүүлөрдү божомолдоо жана алар жөнүндө калкка эскертүүлөрдү жөнөтүүгө дээрлик 700 миллион теңге короткон.

4-мартта Чолпон-Ата шаарынан 35 чакырым түндүк-батышта күчү 5,8 баллды түзгөн жер силкинүү катталып, ал Алматыда 5 балл болуп сезилген. Үйлөрдүн чатырына орнотулган эскертүү системасы жер титирөөдөн бир мүнөттөн кийин иштеген. Шаар тургундары SMS-билдирүү бир сааттан кийин гана келгенине даттанышкан.

Ага чейин 23-январга караган түнү Кытайдын аймагында күчү 7-8 баллга жеткен силкинүү катталып, анын толкуну Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанга чейин жеткен. Алматы шаарында беш балл, Бишкекте төрт балл, Ташкентте үч балл болгон.

Последние новости