www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

17-марттан 22-мартка чейин билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жетектеген кыргыз делегациясы кызматташууну бекемдөө максатында Австриянын Билим берүү, илим жана изилдөө министрлигинин адистерди даярдоо саясаты менен таанышууда.

Ведомстводон билдиришкендей, кыргыз делегациясы башкаруу жана каржылоо автономиясынын практикасын, кошумча киреше алып келүүнүн жолдорун, иш берүүчүлөр менен өнөктөштүктү, ишкерликке окутуунун заманбап ыкмаларын үйрөнүү үчүн кесиптик окуу жайларында болушту.

Иш сапардын жыйынтыгы боюнча делегация мүчөлөрү окутуунун алдыңкы программаларын Кыргыз Республикасында киргизүүсү пландаштырылууда.

Иш сапар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында уюштурулду.

Последние новости