www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кумтөр Голд Компанпи» жабык акционердик коому 2022-жылдын жыйынтыгын чыгарды.

Компаниянын маалыматы боюнча, 2022-жылы 555 миң 691 унций сатылып, бул 17 миң 284 кг алтынды түзгөн. Ошентип, 2022-жылга алтынды сатуудан түшкөн жалпы киреше 986,5 млн долларды түзгөн.

2009-жылы «Кумтөр Голд Компани», «Кыргызалтын» ААКсы жана КР өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн алтынды жана күмүштү сатуу боюнча кайра түзүлгөн келишимде (РПСА) каралгандай, «Кумтөр» кенинде өндүрүлгөн Доре куймалары «Кыргызалтын» ААК тарабынан Кара-Балта шаарындагы аффинаждык заводдо андан ары кайра иштетүү үчүн сатып алынат.

Аффинаждалган алтынды жана күмүштү Кыргызстанда жана анын чегинен тышкары сатууга өзгөчө укук Атынды жана күмүштү сатуу боюнча кайра түзүлгөн келишимдин жоболоруна ылайык «Кыргызалтын» ААКка гана таандык.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости