www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү.

Облустук администрациянын имаратында өткөн жумушчу жыйын аяктагандан кийин мамлекет башчы ал жакта чогулган адамдар менен жолугуп, баарлашты.

Жергиликтүү тургундар тарабынан контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) киргизүү, жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулдун көбөйүшү, шаардын жана облустун инфраструктуралык көйгөйлөрү, ошондой эле жеке маселелер көтөрүлдү.

Садыр Жапаров чогулгандарга салык жол-жоболорун фискалдаштыруу биринчи кезекте ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана республикалык бюджетке салык жыйымдарын көбөйтүү максатында жүргүзүлүп жатканын, бул жаңы жолдорду, социалдык объектилерди курууга, эмгек акыны, пенсияларды жана жөлөкпулдарды көбөйтүүгө мүмкүндүк берерин түшүндүрдү.

Көтөрүлгөн бардык маселелер боюнча тиешелүү түзүмдөргө тапшырмалар берилип, президент Садыр Жапаров аларды приоритеттүүлүгү менен чечүүнү тапшырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости