www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биз бүгүн эркиндиктин, эгемендиктин баасын, баркын билбей чалчактап жүрөбүз! Мындай пикирин тарыхчы Кыяс Молдокасымов билдирди.

Анын айтымында, Ташкенттеги архивте кыргызга тиешелүү ар кандай документтер өтө көп.

"Миңдеген документтердин арасында Пржевальск жана Нарын үйөздөрүн кайра түзүү тууралуу деген аталыштагы 3-4 документ кездешет. 1916-жылдын аягына 1917-жылдын башына тийешелүү. Бир караган кишиге жөн эле документтей сезилет. Бирок бул документтин түпкү мазмуну жан дүйнөгө бүлүк салат.

1916-жылдын 16-октябрында Пржевальск үйөзүн, Ысык-Көл жээгин, аймагын кыргыздардан тазалап, бир өңчөй келгин славян элдерден турган үйөзгө айландыруу тууралуу Түркстан генерал-губернаторлугунун чечими чыккан. Ал чечимди аткаруу үчүн жол-жоболору иштелип чыгып, бир нече документте катталат. Мына жогоруда аталган документ - Көл өрөөнүндө жашаган кыргыздарды Нарынга, тоо арасына биротоло көчүрүп, өзүнчө Нарын үйөзүн куруу жөнүндөгү документ. Документте Көлдү кыргыздардан тазалоонун аки-чүкүсү бүт баяндалган.

Биз анан бүгүн эркиндиктин, эгемендиктин баасын, баркын билбей чалчактап жүрөбүз!", - деди Кыяс Молдокасымов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости