www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте туура эмес жерге таштанды таштаган 90 ишкана аныкталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкекте бир айдын ичинде инспекция тарабынан белгиленбеген жерлерде таштанды чыгаруунун 148 фактысы аныкталган. Эреже бузуучулардын арасында 58 жаран жана 90 ишкана бар. Аларга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренеси боюнча 227 миң сом суммасында айып пул салынган.

“Эреже бузуучулардын бардыгы эле күнөөсүн мойнуна алышпайт. Мындай иштер административдик комиссиянын кароосуна укук бузуучунун өзү катышкан учурда жөнөтүлөт. Ал эми айып өз убагында төлөнбөсө, айып санкциясы боюнча чыгарылган токтомго карабастан, айып пулдун үстүнө кошумча туум эсептелет”, - деп айтылат маалыматта.

Последние новости