www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

11-март күнү эртең менен Ооганстандын түндүгүндөгү Мазари-Шариф шаарында журналисттер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана бир нече диний ишмерлер катышкан иш-чарада жанкечти өзүн жардырып жиберди. Бул тууралуу Tasnim агенттиги кабарлады.

Иш-чара Тебиян Иран маданий борборунда өтүп жаткан. Учурда эки адам каза болуп, дагы 14ү жарадар болгону белгилүү. Жаракат алгандардын арасында Ariana Newsтун кабарчысы Нажиб Фарид жана Pajhwok агенттигинин журналисти Абдул-Сабур Сирет бар. TOLOnews телеканалы да анын журналисти жаракат алганын кабарлады.

Ооганстандагы бийликти көзөмөлдөгөн талиптердин радикалдык кыймылынан эмне болгону тууралуу расмий комментарийлер келе элек. Тебиян маданий борборундагы чабуул үчүн азырынча талибдерге каршы топтордун бири дагы жоопкерчилик ала элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости