www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

11-марттан 14-мартына чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Төмөнкү аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу саталат:

- Бишкек-Ош унаа жолунун: 121-138 чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260 чакырымы (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);

- Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун: 1-14 чакырымы (Өтмөк ашуусу);

- Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун: 70-107 чакырымы;

- Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун: 68- 113 чакырымы (Чапчыма ашуусу);

- Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун: 0-3 чакырымы;

- Бишкек-Нарын-Торугарт: 292-305 чакырымы (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы);

- Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44 чакырымы (Ийри-Суу тилкеси), 60-94 чак. (Кара-Гөө ашуусу);

- Арал-Миң-Куш унаа жолунун: 1-14 чакырымы;

- Каракол-Эңилчек унаа жолунун: 45-50 74-86 чакырымы (Чон-Ашуу ашуусу);

- Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун: 52-68 чакырыы (Сөөк ашуусу);

Кырсык катталган учурда «112» бирдиктүү номерине байланышыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости