www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Былтыр Кыргызстанда 12,5 миңден ашуун ажырашуу катталган

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында, 2023-жылы Кыргызстанда 45 495 нике расмий катталып, 12 552 түгөй ажырашкан. Бул тууралуу министрлик Үй-бүлө кодексинин жаңы редакциясына жазган негиздемесинде билдирди.

2011-жылы 56 509 үй-бүлө расмий куралса, 8 705 түгөй ажырашканы салыштыруу иретинде берилген. Министрлик буга никени расмий каттоого мурдагыдай маани берилбей калганы себепкер экенин, акыркы убактарда диний жөрөлгө менен нике кыйылгандан кийин аны расмий тариздебегендер көбөйгөнүн белгилеген.

Катталбаган никеден төрөлгөн балдардын саны көбөйгөн. 2021-жылы 13 миңден ашуун баланын ата-энесинин расмий никеси болгон эмес.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында, ушу тапта балдар үйлөрүндөгү жана интернат тибиндеги социалдык мекемелердеги 10 868 баланын 3,5 миңдейин гана башка үй-бүлөлөргө асыроого берүүгө мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости