www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израиль Ливанга сокку урууда

Бүгүн, 29-февралда Израил Ливандын түштүгүнө сокку урду. Анын кесепетинен турак жайда эки адам каза болгон. Бул тууралуу "Al Manar" басылмасы билдирди.

Маалыматка ылайык, кол салуу Ливандын түштүгүндөгү Кафра-Сиддикин жолунун аймагындагы үйгө жасалган. Натыйжада эки жай тургун набыт болуп, бир нече адам жарадар болгон.

Ливандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Израилдин чабуулунан улам Ливандын түштүгүндө 100 миңдей киши үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду. Ошондой эле Израилдин массалык маалымат каражаттары Израилдин түндүгүндөгү 80 000ге жакын тургундардын ушундай абалга туш болгонун кабарлашты.

Эске сала кетсек, 21-февралда Израил армиясы Сириянын борбору Дамасктын түштүк-батышындагы Кафр Соуза аймагына чабуул жасаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости