www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Былтыр Кыргызстанда 5 753 киши залалдуу шишик илдетине кабылган. Алардын ичинен 2 621и эркектер, 3 132си аялдар экенин Улуттук статистика комитети билдирди.

Эркектер арасында көпчүлүгү (551 учур) ашказан рагына учурагандар. Андан кийинки орунда (370 учур) дем алуу системасында кездешкен рак турат. Үчүнчү орунда кандын рагы.

Ал эми аялдардан көбүнесе эмчек рагы (697 учур) аныкталган. Андан кийинки орундардарда ашказан (212 учур) жана теринин (177 учур) залалдуу шишиги турат.

Жаш курак боюнча айта турган болсок, залалдуу шишик көбүнчө 65 жаштан өткөн адамдардан кезигүүдө. Мисалы, былтыр бул курактагы 2 129 кишиден аталган дарт аныкталган.

Баса, өлкөдө эркектерге салыштырмалуу аялдар залалдуу шишикке эрте кабыла баштаганы белгилүү болду. Мисалы, 35 жаштан жогору кыз-келиндер арасында ракка кабылгандардын саны жыл ичинде жүздөн ашат. Ал эми эркектер 45 жаштан өткөндө залалдуу шишикке көбүрөөк тушуга баштайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости