www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Жыйында депутаттар мушташып кетишти

Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынында (парламентинде) бюджетти талкуулоо учурунда депутаттардын ортосунда мушташ чыкты. Депутаттардын бири башынан жаракат алып ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу "Sputnik Turkey" басылмасы жазды.

«Бюджетти талкуулоонун экинчи күнүндө парламенттин жалпы жыйынында тирешүү болду. Депутаттардын оозеки чатагы чырга айланып кетти. «Ийи» («Жакшы») партиясынын мүчөсү Хусейн Орс мушташ учурунда башынан жаракат алып, ооруканага жаткырылды», - деп айтылат маалыматта.

Жыйынга төрагалык кылган парламенттин вице-спикери Хайдар Акар жаңжалдан кийин жыйынды 10 мүнөткө токтотту.

Эске сала кетсек, Сенегал парламентинин депутаттары өлкөнүн бюджети боюнча кезектеги жыйында мушташа кеткени маалымдалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости