www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка таандык Trump Organization компаниясы 15 жылдан бери салык органдарын алдап жүргөн кылмыш схемасы үчүн айыптуу деп табылды. 6-декабрда чыккан бул сот чечими Трамп келерки президенттик шайлоого да катышарын айткандан кийинки юридикалык проблемаларын ого бетер курчутту.

Мейманкана, гольф талаалары сыяктуу ири кыймылсыз мүлктү башкаруучу Trump Organization компаниясы 1,6 миллион доллар айыппул төлөөгө милдеттендирилди. Трамптын жеке өзүнө эч кандай айып тагылган жок.

Соттун чечими расмий түрдө 13-январда жарыяланат.

Серепчилер айыппул компания үчүн анча олуттуу сумма эмес экенин, бирок келечекте бизнес жүргүзүүдө оорчулук жаратышы ыктымал болорун белгилеп жатышат.

Миллиардер ишкер Дональд Трамп АКШны 2017-жылдын 20-январынан тартып 2021-жылдын 20-январына чейин башкарган. Кошмо Штаттарда кезектеги президенттик шайлоо 2024-жылдын 5-ноябрында өтөт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости