www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Былтыр Москвадан 42 миң мигрант депортацияланган

2023-жылы Москвада 224 миң миграциялык мыйзам бузуу аныкталып, 42 миң мигрант Россиянын аймагынан чыгарылган, деп маалымдады «РИА Новости».

«Отчеттук мезгилде миграциялык мыйзамдар боюнча 224 миң административдик укук бузуу аныкталган. 7,5 миң мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгү жана мигранттарды ишке алууда 8 миңге чукул мыйзам бузуу болгон. Россиянын жараны болбогон чет элдик жарандарга карата сот органдары тарабынан 42 миң чечим кабыл алынып, алар депортацияланган», - деп айтылат Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаардык думасына берген отчетунда.

Ведомствонун берген маалыматы боюнча, 11,5 миң чет элдик жаран убактылуу кармоочу борборлорго жайгаштырылган. 2023-жылы Москва шаарынын миграциялык каттоосуна 2 миллиондон ашык адам турган. Алардын 43 миңге жакыны жашаган дареги боюнча, ал эми 2 млн мигрант жүргөн жери боюнча катталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости