www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2023-жылы Тажикстандын укук коргоо жана коопсуздук органдарынын төрт кызматкери маңзат ташуу айыбы менен кармалган. Бул тууралуу Тажикстан президентине караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин 5-февралда өткөн жыйынында айтылды.

"Алардын үчөө Ички иштер министрлигинин кызматкерлери. Экөө министрликтин Хатлон облусу боюнча тиешелүү түзүмдөрүнүн, бирөө Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы кызматкерлери. Дагы бирөө Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин чек ара кызматынын өкүлү", — деди Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин өкүлү Мукбилшо Муяссар.

Учурда кармалгандардын баары камакта.

Буга чейин президент Эмомали Рахмон Коопсуздук кеңешинин жыйынында Хатлон облусунун укук коргоо органдары менен күч түзүмдөрүн катуу сынга алган. Андан соң Хатлон облусунун бир катар күч түзүмдөрүнүн жетекчилери иштен алынып, президенттин басма сөз кызматы Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин бир катар бөлүмдөрүнүн жетекчилери ээлеген кызматынан бошотуларын кабарлаган.

Тажикстан президентине караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттик 1999-жылы Ооганстандан маңзат аткезчилигине жана транзитине бөгөт коюу максатында түзүлгөн. Агенттиктин ишмердүүлүгү 2022-жылга чейин БУУнун эсебинен каржыланган. 2023-жылдан бери бул бөлүмгө Тажикстандын бюджетинен акча бөлүнүп келет.

5-февралда өткөн маалымат жыйынында 2023-жылы Тажикстанда мыйзамсыз жүгүртүүдөгү 5 тоннага жакын баңгизаты алынганы айтылды. Эң көп маңзат – 2 тонна 731 килограмм Хатлон облусунан алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости