www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму Астананы "НеМолчи.kz" фондунун жетекчиси Динара Смаилованын (Дина Тансари) ишин иликтөөдө бейтараптуулукту камсыздоого чакырды.

Нью-Йоркто жайгашкан укук коргоо уюму өз билдирүүсүндө сот системасы бийликти сындаган, анын ичинде зордук-зомбулукка кабылгандардын укуктарын коргогон активисттин ишмердүүлүгүн манипуляциялоо жана көзөмөлдөө куралы болбошу керектигин баса белгиледи.

"Бийликтин Смаиловага каршы жигердүү аракеттери кылмыштуулуктун тамырын үзүү аракетине караганда, анын уюмунун мыйзамдуу ишмердүүлүгүн жаманатты кылуу аракетине көбүрөөк окшош", - деп айтылат HRW билдирүүсүндө.

Былтыр декабарда Казакстандын Ички иштер министрлиги "НеМолчиKZ" фондунун негиздөөчүсү Динара Смаиловага (Дина Тансари) издөө жарыялаган.

Смаиловага алдамчылык шеги менен кылмыш иши козголгону кабарланган.

Дина Смаилова 2021-жылдан бери үй-бүлөсү менен чет өлкөдө жашайт.

Айрым маалыматтарга караганда, Смаилова азыр Европа мамлекеттеринин биринде саясий башпаанек берүү чечимин күтүп жатат.

Дина Смаилова – аялдардын, анын ичинде зордук-зомбулукка кабылгандардын укуктарын коргогон #NeMolchi.kz фондунун жетекчиси.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости