www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык ишкер аялдар Орусияга барышат

Кыргызстандын ишкер аялдары Орусиянын Нижний Новгород шаарына барышат. Бул тууралуу КРдин эмгек сиңирген артисти, "Мекендештердин союзу" коомдук бирикмесинин президенти Галина Кетова Sputnik агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, "Мекендештердин союзу" коомдук бирикмеси бир катар багыттар боюнча иш алып барат, анын ичинде ишкерлик тармагы да бар.

"Биздин ишкерлер Нижний Новгородго активдүү аялдардан чакыруу алышты. Азыр бул сапар боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Ал жакта өз ишин жүргүзүү үчүн бизнес-жолугушуулар уюштурулмакчы. Биз өз тараптан чакан жана орто ишкерлик кылган кыз-келиндерге жардам бере турган россиялык делегацияны күтүп жатабыз", — деди Кетова.

Ал кызматташуу бир гана ишкерлик чөйрөдө эмес, билим берүү сыяктуу башка багыттар боюнча да жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

"Орусиянын билим берүү жаатында кызматташуу боюнча тажрыйбасы мол экенин билебиз. Бизде билим берүү комитети бар. Башталгыч класстын мугалимдери, бала бакчада иштегендер балдарга билим берүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн Россия менен байланыш түзүп, материалдарды алып турууну суранып кайрылышат", — деген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости