www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл «Акыркы коңгуроо» майрамдалбайт, иш-чаралар онлайн өтөт

25-майда салттуу режимде салтанаттуу иш-чара өткөрүүгө мектептерге уруксат берилбейт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма-сөз катчысы Самат Тоялиев билдирди.

«Быйыл 25-майдагы салттуу иш-чара өтпөйт, бирок былтыркыдай онлайн иш-чаралар болот. Башкача айтканда, ар бир район, шаарлар 15 мүнөттүк майрамдык программа (куттуктоолор, ыр-бий ж.б.) даярдап, видеого тартып, бизге жөнөтөт. Бул программалар 25-майда Илим-билим каналынан көрсөтүлөт» - деди Тоялиев.

Быйыл өлкө боюнча 11-классты 61 546 бүтүрүүчү, 9- классты 103 400 окуучу аяктап жатат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости