www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Татарстанда 12-май аза күтүү күнү деп жарыяланды

Казан шаарындагы №175 гимназиядагы ок атуудан тогуз адам мерт кеткени маалым болгон. Окуядан кийин Татарстандын бийлиги 12-майды аза күтүү күнү деп жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Республиканын президентинин чечими менен Татарстанда 12-май аза күтүү күнү деп жарыяланды", - деп айтылат маалыматта.

Татарстандын балдардын республикалык клиникалык ооруканасы 18 баланы кабыл алды, алардын алтоосу оор абалда. "Жалпысынан 18 бала кабыл алынды. Алардын алтоо өтө оор, операциялар жүрүп жатат. Калгандары жаракат, сынык жана көгөргөн жаракаттарды дарыгерлер текшерүүдөн өткөрүшөт", - деп айтылат облустук Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын  билдирүүсүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости