www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Өз кезегинде тажиктер Өзбек Республикасынын составында дагы болуп келгенин эстеп коюшубуз керек», - деди бүгүн, 11-майда NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Каныбек агай, чек араны  1924-1927-жылкы карта менен тактай турган болсок, кыргыздарга Жерге-Тал менен Мургабды кайрып алууга мүмкүнчүлүк  жаралабы?

- Башында дароо эле эскертип коёюн. Орто Азиянын этнографиялык картасы абдан эле татаал. Ошондуктан, бул маселеге өтө аяр мамиле кылуубуз абзел. Анткени, Түркстандын аймагында бир тектүү ири этностор менен катар эле жыйырмадан ашуун майда улуттар дагы жашашат.

Алардын көбү бири-бирине аралашып кетишкен. XIX кылымдын орто чендеринде орустар биздин аймакты ээлеп алышканда, аларды чек ара маселеси түк кызыктырган эмес. Алар чек араны согуштук-стратегиялык кызыкчылыктарын эске алып эле, формалдуу түрдө чийе коюшкан.

Ал эми Совет бийлиги орногондо большевиктер 1924-жылдын жай айларында убактылуу комиссия түзө салышып, анын формалдуу сунуштарын СССРдин Борбордук Аткаруу Комитетинин сессиясы менен бекитип салышкан. Канча компромисстик аракеттер болсо дагы нааразы болгон тараптар орун алган.

Бирок, өлкө бир болгондуктан, Москванын каалаганындай эле чечим чыгып калган. Натыйжада, кыргыздар басымдуу жашаган Мургаб менен Жерге-Тал райондору Тажикстанга өтүп кеткен. Азыр деле ал аймактарда кыргыздар басымдуулук кылып жашашат. Өз кезегинде тажиктер Өзбек Республикасынын составында дагы болуп келгенин эстеп коюшубуз керек. Андан бери көп тарыхый окуялар өттү.

Негизинен, дыйканчылык менен мал-чарбачылыкты тең бөлүштүрүү саясатын кармоого аракет кылышкандай. Кечээги тажиктердин Баткенге жасаган  куралдуу агрессиясы дагы көп маселелерди ачыктап койду.

Эми биринчи орунга дипломатиялык сүйлөшүүлөр чыгат. Ансыз болбойт. Маселе оор. Согуш чыгып кетишинен этият болуулары керек. Ал апаат эки жакка тең чоң кайгы алып келет. Ири өлкөлөр ошону эле күтүп турушат. «Чоң Фергана» согушунан Кудай сактасын! Ошондуктан, азыр Мургаб менен Жерге-Тал боюнча чукул маселе кою опурталдуу.

Эгер тажик тарап 1924-1927 жылдагы картаны негиз кылууну сунуш кылышкан болсо, бул биз үчүн ыңгайлуу шарт дагы болуп калат. Муну активдүү эске алсак болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости