www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Опузалап пара алып жаткан учурда уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, 10-майда УКМК уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө каршы аракеттенүү боюнча иштерди жүргүзүүдө уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү “Дөө Чыңгыз” каймана аттуу Ч.Жумагуловдун атынан аракеттенген УКТ мүчөсү “И.Р.М.” жеке ишкерден опузалап 20 миң доллар алып жаткан жеринен кармады.

“И.Р.М.” КР кылмыш-жаза кодексинин 98-беренесине ылайык УКМКнын абак жайына камалды.

Учурда алардын шериктерин жана иштин башка фигуранттарын кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости