www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл бакыт кушу кимдин башына конот?

Жакында АКШнын Эл аралык Республикалык институтунун Кыргызстандагы саясый кырдалды баамдо үчүн атайылап жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы жарыяланды. А4 форматындагы 90 беттен турган түстүү журнал тибинде чыгарылган бул китепчеге Кыргызстандын 7 облусу, эки чон шаарынан, улуту, жынысы, социалдык статусун эске алуу менен 1483 адам сурамжылоого катышып, коптогөн суроолорго өз ойлорун билдиришкен. Бул изилдөө 2019-жылдын ноябрь айынын аягында жүргүзүлүп, декабь айында жыйынтыгы жарыяланган.

Ал иликтөөдө, азыркы кезде, ушул жылдын январь айынан баштап, 2020-жылдын күзүндө өтө турган парламенттик шайлоого карата, козу карындардай жайнап чыккан партиялар тууралуу маалымат такыр жок. Анткени ал иликтөө жүрүп жаткан кезде ал партиялар старт ала элек, ойгоно элек кез эле. Бүгүн ал партиялар ойгонуп, өлкөдөгү саясый кырдаалга таасирин тийгизип жатат. Ошондон улам, эгерде жогорудагы иликтөөлөр бүгүн жүргүзүлсө кандай жыйынтык чыкмак деген суроо актуалдуу болуп турат. Чындыгында эле, учурдагы кырдаалга карай саясый күчтөрдүн рейтинги кандай?

Бул суроого жооп барбы? Жооп жок болсо жообун ким изилдейт, аныктайт? Жергиликтүү серепчилер, мамлекеттик стратегиялык институт мындай деңгээлдеги суроолорго жооп издөө мүмкүнчүлүгү кандай? Же кыргыздар ушак денгээлиндеги гана материалдар менен алектенип, талылуу суроолорго чет жактык изилдөөчүлөрго күн корбузбу? Сүрөттө, изилдөөлөрдөгү көптөгөн таблицадан айрым фрагменттер: лып, ызы чуу салып АКШнын, Орус менен Кытайдын көңүлүн да өзүбүзгө буруп алдык. “Булар эмне эле болуп жатышат” деп, сырткы күчтөр да ынтызар болуп кулактарын түрүп калды. Айтор, кырдаал оорлоп баратат.

Элибизге дагы бир тополоңдун кереги жок. Ошондуктан өлкө келечегин ойлогон аксакалдар, жоопкерчиликтүү саясатчылар өлкөдөгү кырдаалга оор басырыктуу мамиле кылып, кызуу кандуулукка алдырып жаткандарды сабырдуулукка чакырып, өлкө башчысына кол кабыш кылышып, мамлекетибиздеги туруктуулукту сактап калууга салымдарын кошушу керек. Шайлоолор адилеттүү, калыс, эң негизгиси тынч өтүшү келечек, өнүгүү үчүн өтө маанилүү. Азыр саясый туруктуулук аба менен суудай керек кез,-деп жазып чыкты "Майдан.kg" гезити бүгүнкү чыккан санында. 

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости