www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл дагы дыйкандар үчүн суу жагынан оңой жыл болбойт

022-жыл сугат жагынан алганда дыйкандар үчүн жеңил болбойт. Бул тууралуу брифинг учурунда айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

"2022-жылы дагы жаан-чачын аз болору айтылып, сугат жагынан бир топ түйшүктөр болору күтүлүүдө. Андыктан азыртадан ирригация системасын жакшыртууга аракет кылып жатабыз. Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери чарбалар ортосунда каналдарды даярдашы үчүн миллиард сом бөлүндү. Азыр аким жана айыл өкмөттөр менен иштер жүргүзүлүүдө", — деди министр.

Анын айтымында, ирригациялык системалардын техникалык абалы жакшы болбогондуктан, сууну алып келе жаткан учурда жолдо жарымы жок болуп кетүүдө.

"Бир миллиард сомго 661 каналды ремонттойбуз. 114 чакырымга созулган каналдардын түбүн бетондоп, 883 чакырымына механикалык тазалоо иштерин жүргүзөбүз. Тагыраагы, капиталдык ремонт жасалат десек болот. Мунун аркасы менен суу үнөмдөлө баштайт", — деди Жаныбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости