www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Балтада төрт кыз өз өмүрүн кыюуга аракет жасаган

Кара-Балта шаарында жанын кыюуга аракет жасаган төрт кыз ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта 19-январда Жайыл районунун "Тез жардам" кызматына дары ичип уулануу, өз өмүрүн кыюуга аракет кылуу боюнча кайрылуу түшкөнү айтылат. "Тез жардам" кызматы барганда 1998-1996-1995-1987-жылкы төрт кыз дары ичип өз өмүрүн кыюуга аракет жасаганы аныкталган. Аларга биринчи жардам көрсөтүлүп, аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткизилген.

Чүй облустук милициясы аталган иш боюнча териштирүү жүрүп жатканын кабарлайт.

"Турмуш" сайты Кара-Балтада жанын кыюуга аракет жасаган төрт кыздын бири кан тамырын кескенин, бир кыз оор абалда экенин жазды. Сайттын маалыматына ылайык кыздар бир батирде жашаган, алардын бири мындай кадамга үч эркек социалдык тармакка тараткан видео үчүн барышканы тууралуу кат жазып калтырган.

Буга чейин Кара-Балта шаарынын бир катар эркек тургундары шаардагы сауналарда сойкулук болуп жатканын билдирип, аларды жабуу тууралуу кайрылуу жолдошкон. Милиция аталган иш менен кайрылуунун байланышы бар-жогун тактаган жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости