www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл мобилдүү бригадалар тарабынан 73 миң чыгуу болгон

2021-жылдын 1-январынан 11-августуна чейин мобилдүү командалар тарабынан Бишкек шаары боюнча 73 миң 77 чыгуу жасалган. Бул тууралуу 118 кызматынын координатору, шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин консультанты Эльден Калчакеев брифингде билдирди.

Анын айтымына караганда, акыркы суткада 520 чыгуу жасалып, 471 ПЦР анализ изилдөө үчүн алынган.

"1 691 адам ооруканага жаткырылган, алардын 8и акыркы суткада. 2021-жылдын 12-августуна карата 30 мобилдүү бригада иштеп жатат", - деди ал.

Мындан тышкары, Калчакеев кошумчалагандай, жалпысынан Бишкек шаарында 2021-жылдын 3-июлунан тартып Бишкек шаарынын №2 мектеп-гимназиясынын базасында 118 call-борборунун 20 линиялары нөөмөт боюнча иштей баштаган, ал эми 6 линия түнкүсүн иштейт.

2021-жылдын 5-январынан 11-августуна чейин 118 чалуу борборуна 120 миң 428 чалуу келип түшкөн, алардын 40 миң 64тү мобилдүү командаларга багытталган. 11-августта эле 852 чалуу келип түшүп, алардын 125 COVID-19 мобилдик бригадаларына багытталган.

2021-жылдын 11-12-августунда Бишкектеги Тез жардам борборлорунда 35 бригада, 39 унаа суткалык нөөмөткө чыгышкан.

"443 адам кайрылган, 385 жолу чыгуу болгон, телефон аркылуу 175 кеңеш берилди, 105 адам ооруканага жаткырылды, анын ичинде COVID-19 менен ооругандар - 25 адам, пневмония менен - 42, КРВД менен 2 адам", - Калчакеев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости