www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өкмөт жаңы жылдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салат. Бул тууралуу брифингде сүйлөп жатып вице-премьер Эльвира Сурабалдиева билдирди.
Анын айтымында, мындай корпоративдер көп сандагы адамдардын чогулуусу менен өтөт.
"Баары жеңил кийинип жүрөт, сезондук грипптин жайылышы мүмкүн. Баарыбыз майрамдарда социалдык аралык сакталбай, бет кап тагынгандар болбой турганын көрдүк. Суроого так жооп берейин, бир да жаңы жылдык кече өтпөйт", — деди чиновник.
Вице-премьер мамлекеттик кызматкерлер да майрамдабай турганын белгиледи. Мындай тапшырма Республикалык штабдан берилген.
Булак: NazarNews.kg