www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров 11-майдан тарта мамлекеттик органдарга ведомстволор аралык кызматтык кат алышууну электрондук документ системасы аркылуу жүргүзүүнү тапшырды.
Өткөн жылдын соңунда президент 2022-жылдын 1-июлунан тарта мамлекеттик органдарга иш кагаздарын сатып алууну токтоторун айтып, мамлекеттик органдарга электрондук документ жүгүртүүнү киргизүүнү тездетүүнү тапшырган.
Ал эми үстүбүздөгү жылдын 18-апрелинде Акылбек Жапаров мамлекеттик органдарга мамлекеттик бюджетти үнөмдөө максатында кеңсе кагаздарын эки тарабынын колдонууну тапшырган.
Булак: NazarNews.kg