www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын газ транспорттук оператору 11-майдан тартып Орусиянын газынын үчтөн бирин Европага транзиттөөнү токтоторун жарыялады.

Мунун себеби компрессордук станциялардын бири жайгашкан аймак Луганскидеги орусиячыл жикчилердин карамагына өткөндүгүндө экени айтылды.

“Газпромго” транзиттик агымды буруу сунушу берилди. Транзит токтогондугу үчүн жоопкерчиликти Украина Орусияга жүктөдү.

Орусиянын газ концернинин расмий өкүлү Сергей Куприянов "Газпром" форс-мажор жагдай тууралуу эч кандай так маалымат албаганын билдирди.

Орусия Украинага 24-февралда кол салган. Украина бул өлкөнүн газын Европага транзиттеп өткөрүүчү мамлекеттердин бири.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости