www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өлкөдө электр энергиясын берүүдөгү чектөөлөр тууралуу түшүндүрмө берди. Ал Токтогул ГЭСинин 1-агрегаты жана Үч-Коргон ГЭСинин 4-агрегаты реконструкциялоо үчүн 5-марттан тарта токтотулганын, натыйжада электростанциялардын учурдагы кубаттуулугу 290 МВт саатка азайганын, электр энергиясын пайдаланууга убактылуу чектөөлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыкканын белгиледи.

"Электр энергиясы эң көп керектелген эртең мененки жана кечки маалдарда аны колдонууга чектөөлөр киргизилет. Бул иштерди келерки күз-кыш мезгилине даярдык көрүү катары түшүнүү керек. Электр объектисин өчүрүү менен иштер жүргүзүлсө, алдын ала социалдык тармактар жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу элге убактылары жөнүндө маалымат берилет. Биз баарыбыз бир нерсени жакшы түшүнүшүбүз керек. 30 жылда бир дагы кошумча ГЭС курулган эмес. Элдин саны эки эсеге жакын өстү. Жыл сайын энергетикалык керектөөлөр өсүп жатат. Үйлөр, мектептер, бала бакчалар жана башка социалдык, инфратүзүмдүк объектилер салынууда. Анын баарына эле ар кыл деңгээлде кошумча электр кубаттуулугу керек да” – деди Жапаров.

Президент Токтотул ГЭСинен “суу сатылат” деген сөздөрдү четке кагып, андай мүмкүн эместигин, ал жерде онлайн камералар орнотулуп, “баары түздөн түз көзөмөлдө экенин” кошумчалады.

Кыргызстандагы энергиянын чордону саналган Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү соңку күндөрү 7,5 млрд метр кубга чейин төмөндөдү. Бул акыркы жылдардагы эң төмөнкү көрсөткүч. Эгерде суу 6,5 млрд куб метрден төмөн түшсө, анда ГЭСте авариялык абал жаралат.

Ушундан улам Энергетика министрлиги эртең менен жана кечинде үй жылыткан жабдыктарды өчүрүп, энергияны сарамжалдуу колдонууга чакырган. Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдиргендей, өлкөнүн бардык аймактарындагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен чогуу электр жарыгын өчүрүү жадыбалы макулдашылып түзүлдү.

Соңку бир айдан бери аймактарда маал-маалы менен жарык өчүрүлүп жатат деп абоненттер нааразылык билдирип жатышат.

Последние новости