www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЮНЕСКОнун Башкы директору Одри Азуле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевге өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына карата куттуктоо кат жолдоду.

О.Азуле өз кайрылуусунда Кыргызстандын Элчиси жана ЮНЕСКОдогу Туруктуу өкүлү, кызматтарын 10 жыл бою аркалап келген, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун аракетинин аркасында Кыргызстан менен ЮНЕСКОнун ортосундагы түзүлгөн эки тараптуу бекем диалогду канааттануу менен белгилейт.

«Чыңгыз Айтматов «адамзат маданиятынын жана бүтүндөй цивилизациянын тагдыры үчүн биздин жамааттык жоопкерчиликти» баса белгилеген. Акыркы жылдары биздин талкуулар Кыргызстандын мурасын сактоонун жана Сиздин өлкөдө жана Борбордук Азия аймагындагы тоо экосистемаларын туруктуу башкаруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

О.Азуле ЮНЕСКО Уюмдун компетенциясынын алкагында инклюзивдик жана туруктуу өнүгүүгө көмөк көрсөтүү максатында Кыргызстан менен мындан ары да тыгыз кызматташа тургандыгына ишендирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости