www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн премьер-министр Сапар Исаков Евразия экономикалык биримдигинин өкмөт аралык жыйынына жана “Ааламдашуу доорундагы санариптик күн тартип” форумуна катышуу үчүн Алматы шаарына барган. Форумга Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын, Өзбекстандын премьер-министрлери, Азербайжандын, Тажикстандын расмий делегациялары, ири IT компаниялардын өкүлдөрү жана эл аралык эксперттер катышууда.Премьер-министр Сапар Исаков “Таза коом” улуттук программасын ишке киргизүү менен Кыргызстан санариптешүүдө чоң секирик жасалганын билдирди. Ал мындай билдирүүсүн бүгүн, 2-февралда, Казакстандын Алматы шаарындагы “Ааламдашуу доорундагы санариптик күн тартип” эл аралык форумунда сүйлөп жатып айтты:

- Биз биометрикалык маалыматтарды киргизгенибизге байланыштуу секирик жасадык. Кыргызстандын 80% жакын жарандары биометрика тапшырышты. Тийиштүү түрдө бардык мамлекеттик тейлөө ошого байланыштырылып, мамлекеттик тейлөө порталында ар бир адамдын өзүнүн жеке кабинети болот. Ага жараша көптөгөн сандагы кагаз формасындагы маалымдамаларга муктаждык жоюлат. Натыйжада бизнес жана жарандар үчүн мамлекеттик тейлөөнүн сапаты жана ылдамдыгы жогорулатылат, - деди Сапар Исаков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости