www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырдаалга байланыштуу премьер-министр Сапар Исаков парламенттин сессиясында маалымат бермей болду. ЖЭБдеги кырдаал боюнча баяндама жасоо үчүн бүгүнкү жыйынга вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев жана тиешелүү мекемелердин жетекчилери келген. Бирок бир катар депутаттар премьер-министр Сапар Исаковдун, Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун келбегенине нааразы болушуп,аларды чакырууну талап кылышты. Сунуш көпчүлүк добуш менен колдоого алынып, Исаков саат 11ге чакырылды.
ЖЭБде суу бөлүштүрүүчү жабдык 26-январдын кечинде иштен чыгып, шаардыктар жылуулуксуз калган. Үйлөрдө температура 11-16 градустун тегерегинде болуп, башкалаа тургундарынын катуу нааразылыгын туудурган. Учурда айрым райондордо жылуулуктун температурасы көтөрүлө баштаганы кабарланууда. Бир катар райондордогу үйлөрдө абал өзгөргөн жок.
Булак: NazarNews.kg