www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай эки тараптуу мамилелерде Кытай менен Россиянын мамлекет башчыларынын ортосундагы дипломатиянын стратегиялык лидерлик ролуна чоң маани берет, деп билдирди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ван Вэньбин бүгүн, 13-майда Пекинде ведомстволук маалымат жыйынында.Бул тууралуу NazarNews маалыматтык агенттигине кытайлык CCTV plus агенттиги билдирди.

Бул тууралуу Ван Вэнбинь орус президенти Владимир Путин Кытайга барабы деген маалымат каражаттарынын суроосуна жооп берип жатып билдирди.
«Быйыл Кытай менен Россиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 75 жыл толду. Кытай тарап эки тараптуу мамилелер чөйрөсүндө стратегиялык лидерликти камсыз кылууда Кытай менен Россиянын мамлекет башчыларынын дипломатиясынын ролуна чоң маани берет Эки мамлекет башчылары кытай-орус мамилелеринин үзгүлтүксүз жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн тыгыз байланыштарды улантууну макулдашышты», - деди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости