www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишимбаевдин тууганы Бахытжан Байжанов төрт жылга кесилген.

 Астанада жубайы Салтанат Нукенованы өлтүрүүгө шектелип жаткан Казакстандын мурунку экономика министри Куандык Бишимбаев 24 жылга эркинен ажыратылды.

Сот Бишимбаев Нукенованы кыйнап, мыкаачылык менен өлүмгө кептеген деп тапкан.

Кылмышты жашырган деп айыпталып жаткан Бишимбаевдин тууганы Бахытжан Байжанов төрт жылга кесилди.

Эске салсак, Астанада мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев жубайын сабап өлтүрүүгө шектелип кармалган. ЖМКлар Бишимбаев ресторанда мас болуп аялын сабап салганын, ал Тез жардам келгенге чейин көз жумганын жазышкан.

Казакстандын ИИМи ресторанда мушташ болуп, андан аял каза тапканын гана тастыктаган. Куандык Бишимбаев 43 жашта. 2018-жылы жемкорлукка айыпталып 10 жылга соттолгон, бирок бир жылдан кийин шарттуу түрдө абактан чыккан. Абактан чыккандан кийин биринчи аялы менен ажырашып, Салтанат Нукеновага былтыр декабрда баш кошкону айтылды.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости