www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баарыбызга белгилүү болгондой бүгүн, 18-майда Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүнүн мөөнөтү дагы эки айга узартылды. Мындай чечим 18-майда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кабыл алынып, соттолуучулардын бөгөт чарасы да эки айга чейин узартылып, камакта калды. Ошентип, кезектеги сот отурумуна мурдагы президент Алмазбек Атамбаев катышкан жок. УКМКнын маалыматтарына таяна турган болсок, Атамбаевдин ден соолугу сотко катышканга жооп бербейт, дарыгерлердин көзөмөлүндө болууга тийиш.

Эске сала кетсек, 2019-жылы 7-8-августта Кой-Таш айылындагы каргашалуу окуядан соң бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркап, Чүй ОИИБнин башчысы Самат Курманкуловдун ден соолугуна чоң зыян келтирилген. Жыйынтыгында Атамбаев жана 14кө жакын тарапташтары камакка алынган.

Бүгүн, 18-майда Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев өзүнүн социалдык тармагындагы баракчасына “Биз 300дөн ашуун тарапташтар менен бирге, Биринчи Май райондук сотунун имаратынын алдында Кой-Таш окуялары жана башка жалган иштер боюнча саясий туткундарды колдоо үчүн өткөрүлгөн акцияга катыштык. Катышуучулар акцияда Асылбек Жээнбековду, Раим Матраимовду жана Сооронбай Жээнбековду тез арада камакка алууга үндөштү”, - деп жазып чыкты.

Кыргызда “алма сабагынан алыс түшпөйт” деген кеп бар. Сейд Атамбаевдин бул кылыгы туурабы?–деген суроо жаралат. Кызыгы, Кой-Таш окуясына Асылбек Жээнбеков менен Раим Матраимовдун кандай тиешеси бар же атасына окшоп Сейд Атамбаев “серке” болуп секирип, атасынча “балп” эттиби? Кой-Таштагы окуядан бир адам каза таап, экинчиси ден соолугунан түбөлүк ажырап жатса, Сеид мырзанын күндүзү чырак көтөрүп алып чындык издегени туурабы?

Дагы бир Кой-Таштагы такталган маалыматтарга таянсак, Сеид Атамбаев атасы Алмазбек Атамбаевдин камактан чыгышына көп деле кызыкдар эмес экен. Бир тууганы Сейтек менен эки жээкте болсо, Кадыр Атамбаев менен пикири такыр келишпейт. Алардын ишенген эле тиреги “ыйлаак”, “тоокканадан” бою чыга элек Темирлан Султанбеков.

А баса, Сеид мырза жакында эле колунда жокторго жардам берип жатат деп кулагыбыз чалды.  Анчалык “супермен” экен Мээрбек Мискенбаев Алмазбек Атамабаевдин таламын талашып жатып, түйшүгү күчтүү түрмөгө тыгылган. Учурда жубайы ооруп, батир акчасынан кыйналып турган чагы экен, жардам берип койсо жарашмак беле? Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Садыр мырзанын тарапташтары камалган учурда кычыраган кыраан чилдеде түрмөгө тамак ташып жүргөн. Азыр Сеид Атамбаев мыйзамсыз кыйкырып, Раим Матраимовдун эшигин шыкаалап, “Канча жолу “чүш” кылды, канча жолу “пых” кылды?”,-деп санап олтурбай “акка моюндарын сунуп”... тарапташтарыңарды кан какшатпай жок дегенде жалдырап жаткан Мискенбаевдин жубайынын батир акчасын төлөшүп койсо жарашмак беле?

Булак: NazarNews.org

Последние новости