www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы күч түзүмдөрүнүн ичинен декреттик өргүүгө чыккан эркек кызматкерлеринин көпчүлүгүн прокуратура органдарынын кызматкерлери түзөт. Бул тууралуу депутат Урматбек Самаев парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин 18-майдагы жыйынында билдирди.

Анын айтымында Токмокто эркек киши 3 жылдык декреттик өргүүгө кеткен. Эл өкүлү башкы прокурордон 2019-жылы канча прокурор бала кароо үчүн декреттик өргүүгө кеткенин сурады.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун айтымында, былтыр үч жумушчу декреттик өргүүгө кеткен. «Мыйзам боюнча декреттик өргүү сурагандарга  каршылык көрсөтө албайбыз. Кызматкерлер келип: "Аялым төрөдү, жумушка кайтты, баланы  карашым керек" дешет. Биз жок деп айта албайбыз, - деп баса белгиледи ал.

Булак: NazarNews.org

Последние новости