www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жазуучу, коомдук ишмер Чолпонбек Абыкеев Фейсбуктагы баракчасына анархияга жетелеген күчтөр тууралуу жана абалдан пайдаланып баатыр болгусу келгендер жөнүндө жазды.

"Акыркы убакта соцтармактарда мыйзамды аттап өтүп, мыйзамсыз иштерге барууга үндөгөн маалыматтар көбөйө баштады. Бул эминени көрсөтүүдө? Бул деген биздин коомдо да АНАРХИСТЕР пайда боло баштагандыктын белгисин көрсөтөт. Тарыхтан маалыматы барлардын эсинде болсо керек. Маселен, Россияда анархизим тээ 1860-жылдардан башталып пайда болуп, коммунистер бийлике жеткенге чейин таасири да бар болгон. Бирок, Сталин алардын түбүнө бат эле жетип койгон. Коммунисттик диктатура кулап, демократиянын келиши менен Россияда да кайрадан анархизим пайда болуп, өтө күчтүү болуп кетпесе да, ар кандай жүрүштөрү менен бүгүнкү күнгө чейин баш көтөрө калышууда.

Кыргызстанда болсо АНАРХИСТИК белгилер буга чейин дээрлик байкала элек болчу. "Кыргыз тарыхында АНАРХИСТЕР биринчи 2020-жылдын жаз айларында пайда болушту" - деп жазып койсок болот.

Ленин эмне себептен "Анархия менен демократиянын ортосу бир эле сөөм" - деп айткан. Себеби, анархия менен демократия терең маани берип так ажырата албаган адамга окшошуп кетет. Бир гана күчтүү өзгөчөлүгү менен ажырата билүүгө болот.

Демократия - мыйзам диктатурасына таянат жана мыйзамды бузбоого чакырат.

Анархия - мыйзам коомдун каалоосу менен бузула берсе болот дегенди жактырат. Демократия - күчтүү мамлекеттүүлүктү жактырат. Анархия - мамлекет коомдук пикирдин астында бийлеп турушун, мыйзам коомдун "Жетелеген төөсү" болушун каалайт. Эми кимиси жакшы экенин өзүңөр ажыратып алгыла.

Анархиянын пайда болуш себептери. Анархия революциялык агымдын бирине киргендиктен "Бийлик мурдакыдай башкара албай, төмөнкүлөр (коомчулук) мурдакыдай жашагысы келбей калганда..." пайда болот.

Демек, Кыргызстанда учурда ушундай кырдаал түзүлдү дегенибиз туура. Абалдын кескин оорлошо баштаганына тажытумоонун таасири да күчтүү болууда. Ансыз да экономикасы чабал Кыргызстан үчүн тажытумоонун "соккусу" өтө оор болууда. Көпчүлүк жарандардын каражаттан кыйналуусу, жетишсиз жашоо, чет жерде иштеп жүрүшкөн мигранттардын ишсиз калуусу коомдогу писихологиялык чыңалууну күчөтүүдө. Бул барып "Биздин ушундай жаман жашаганыбызга ким күнөлүү?"- деген суроону кабыргасынан коюда. Караса күнөкөр жанында эле отуруптур.

Алар КОРРУПЦИОНЕРЛЕР, эгемендүүлүк келген жылдарда күтүүсүз байышкан мамлекеттик өтө жогорку кызматтарда иштешкен чиновниктер экен. Эмне кылуу керек? Алардын бүт байлыгын тартып алыш керек? Кантип? Жөн эле. Маселен, он миң бала менен топтошуп барып кекиртектеп "Бүт үй-бүлөң менен кырабыз. Аман калам десең бүт байлыгыңды мамлекетке өткөз" - дешибиз керек. Мына ушул жерден өтө көп суроо жаралат. Ошол он миң баланы тигил көпөстөр "Келгиле биз силерди күтүп жаттык эле" - деп кучак жайып тосуп алабы? Он миң куралы жок, жетекчиси жок, топурагандарга, акчага жалданган миң автоматчан машыккандардан каршы коюп он миңиңдин бачагын чыгарбайбы? Эки тарапты кырылыштырып коюп мамлекеттик бийлик карап тура береби? Антсе мамлекеттик бийлик дегендин эмне кереги бар? (Бул эми кыскартып айтканда) 

Тарыхты карагыла, оодаргыла, окугула, анархиялык демилге, анархистик күчтөр бир да мамлекетте жеңишке,туруктуу ийгиликке жеткен эмес. Болгону элди, коомчулукту дүрбөтүү, мамлекеттеги мыйзамсыздыкты пайдаланып убактылуу кадыр-барк күтүү менен чектелишкен.

Эсиңерден чыгарбагыла мамлекет бир гана мыйзам жолу менен туура өнүгө алат. Маселе мыйзамдын жакшы же жаманынада да эмес. Маселе бар мыйзамды так туура аткарууда турат. Мыйзам жаман болсо оңдоп жакшыртууга, жаңыртууга болот. Бирок, аны оңдогуча бар мыйзамды бузба. Ошондо гана келечекке туура багыт алган болосуң. Мамлекетиң жок болуп кетпей сакталат. Өсүп өнүгөсүң. Мыйзамсыздык кыйроого алып келет", - деп Чолпонбек Абыкеев жазган.

Булак: NazarNews.org

Последние новости