www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Centerra Gold" компаниясы кыргыз өкмөтүнө сүйлөшүү жүргүзүүгө 45 күн берди. Бул тууралуу депутат Акылбек Жапаров Кумтөрдү текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, “Centerra Gold” атынан кыргыз өкмөтүнө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө юридикалык компания кайрылган.
«Алар сүйлөшүүлөргө 45 күн убакыт беришти. Андан кийин биз арбитраждык сотко кайрылууну көздөп жатабыз. Эл аралык сотко даярданып жатабыз», - деди эл өкүлү.
Акылбек Жапаров компаниянын экологиялык зыяндары жана салык карыздары 4 миллиард 220 миллион долларды түзөөрүн белгилеп кетти.
«Компаниянын баасы 2 миллиард 450 миллион долларга бааланган. Зыянды сот аркылуу издөөгө аракет кылабыз. Биздин мыйзамдарга ылайык, эгер компания дооматтын суммасын төлөй албай калса, анда алардын мүлкү доогердин колуна өтөт. Компаниянын башкы эсеби Торонтодо, алар эмгек акыга гана жергиликтүү эсепке акча которушкан. Эгерде биз тышкы башкарууну киргизсек, анда майдан баштап алтын Кыргызстанда калат ”, - деп белгиледи эл өкүлү.
Булак: NazarNews.kg