www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биз аэропорттун башкаруусун мыкты компанияга беришибиз керек. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдырахманов жегиликтүү маалымат каражаттарына билдирген.  

--"Эгер демократиялык мамлекет, рыноктук экономика курабыз десек - мамлекеттин менчигин минимум кылышыбыз керек. Бизде мамлекттик менчиктеги ишканалардын дээрлик бардыгы банкроттун алдында турат. Мына азыр бизде дефицит деген барбы? Жок. Эмне үчүн? Анткени барын менчик ишканалар камсыздап жатат. Бир жерге барам десе, транспорттон маселе барбы? Жок. Сатып алайын десең тамак-аштан тартыштык барбы? Жок. Бишкектеги курулуштарды ким куруп жатат? Менчик куруп жатат. Ошондуктан биз менчикти жакшы көрүшүбүз керек.

Ошол эле учурда эки нерсени түшүнүшүбүз керек. Бул стратегиялык объекттер жана жөн эле катардагы объектилер. Катардагы объекттин барын менчикке бериш керек. Ал эми стратегиялык объект боюнча этият болушубуз зарыл. Аны сатпаш керек. Аларды сатпай туруп эле башкаруу системасына берген оң. Мисалы аэропорт, биз эч качан аны оңдой албайбыз. Бизде аны кыла турган кадр дагы жок. Мамлекет дагы ал жерге реформа кылганга мүмкүндүк бербейт. Ошондуктан мүмкүн болсо, биз аэропорттун башкаруусун мыкты компанияга беришибиз керек", - дейт экс-депутат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости