www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын делегаты Чынара Капарова, бизнес – элибиздин ден соолугунун эсебинен, шаарыбыздын экологиясынын бузулушунан пайда таппашы керек дейт. Анын айтымында, бизнести колдоо шылтоосу менен башаламан курулуштар күн сайын күчөп, натыйжада шаар көркү гана бузулбастан, анын экологиялык тазалыгы, тоо тараптан келүүчү шамалдын агымы бузулуп, натыйжада таза аба кирбей, кышында ыш, жайында үп болуп, эл ооруп, азап жашоо уланууда. 

Булганган экология менен бирге калк кооптуу азыктардын курмандыгы болууда. Чынара Капарованын айтымында, малды антибиотиктер, гормоналдык каражаттар менен ыксыз дарылоо, уу химикаттарды жер жемиштерге көп пайдалануу менен жаш балдардын иммунитетин жоготуп, түрдүү оорулар пайда болууда. 

“Маселе кечиктирилгис чараларга муктаж. Анткени улуттун саламаттыгы негизги маселе! Биздин сунуш, бул көйгөйдү ар башка министрликтерге чаптабай, Министрлер Кабинетинин төрагасына түз баш ийген күчтүү ыйгарым укуктары бар “Тамак-аш коопсуздугу” боюнча мамлекеттик инспекция түзүү керек”, - дейт Капарова.

Последние новости