www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынан делегат Ч.Капарова, борбор шаардын  азыркы  бюджетинин алкагында Биринчи Элдик Курултайда айтылган  көйгөйлөрдү чечүү мүмкүн эмес деп билдирди. Анын айтымында, эгерде шаардын экономикасына болгон бүгүнкү  мамиле өзгөртүлбөсө, таштанды, ыш-түтүн өңдүү көйгөйлүү маселелер күн сайын өсүп, убакыт өткөн сайын тереңдей берет.

--“Сандарга токтололу, 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча  Бишкек шаарында 80,0 млрд сом  киреше чогулган. Маалыматка таянсам, ушул сумманын ичинен  борбор шаардын муктаждыгына 10 млрд сомго жакын гана каражат, же  болгону 12% каражат калтырылган. Бул сумманын басымдуу бөлүгү, же 5,7 млрд сом социалдык мекемелерди күтүү жана айлык-маяналарды берүү үчүн сарпталат. Калган сумма өтө аз” дейт Капарова.

Шаардан шайланып барган делегаттар шаардык бюджетке  түшкөн кирешенин басымдуу бөлүгү – борбор шаардын пайдасына калышы керек деп эсептешет. Айрым региондор борбордун дотациясын, колдоосун  күткөн адатан арылып, өз мутаждыктарын өз алдынча  чечүүгө үйрөнүш керек. Ушундай шарт түзө турган, мүмкүн талап коё турган мезгил келди дейт делегат.

Последние новости