www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түштүк Кореяда тик учактын кулашынан кеминде беш адам каза болду. Бул тууралуу Yonhap агенттиги 27-ноябрда Өрт өчүрүүчүлөргө таянуу менен билдирди.
Окуя Канвондо провинциясынын Янян округунда болгон. Жергиликтүү бийлик тарабынан ижарага алынган америкалык Sikorsky компаниясынын С-58Т тик учагы токой өрттөрүн алдын алуу максатында аймакты айланып чыккан.
Тик учак 27-ноябрда саат 10:50дөр чамасында кулап түшкөн. Кырсык болгон жерде 28 техника, 114 өрт өчүрүүчү жана бир тик учак иштеди.
Премьер-министр Хан Док Су окуянын кесепеттерин жоюу үчүн колдон келгендин баарын жасоону буйруду.
Булак: NazarNews.kg