www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үч-Коргон ГЭСинде негизги жабдууларды жаңыртуу жана кубаттуулукту жогорулатууга багытталган масштабдуу модернизациялоо иштери уланууда.
Учурда №1 жана №2 гидроагрегаттарды жаңыртуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Аларды модернизациялоону 2026-жылдын аягына чейин аяктоо пландалууда. Бардык иштер бүткөндөн кийин Үч-Коргон ГЭСинин кубаттуулугу азыркы 198 МВттан 216 МВтка чейин, башкача айтканда, 18 МВтка жогорулайт.
Станцияны реконструкциялоо иштери 2024-жылы башталган. Долбоордун алкагында №4 гидроагрегат толугу менен жаңыртылып, анын кубаттуулугу 9 МВтка көбөйтүлдү. Ошондой эле №3 гидроагрегатты модернизациялоо иштери аяктап, анын кубаттуулугу дагы 9 МВтка жогорулатылды.
Ошентип, №1 жана №2 гидроагрегаттардагы иштер аяктагандан кийин Үч-Коргон ГЭСинин бардык төрт гидроагрегаты толугу менен жаңыланган болот.
Үч-Коргон ГЭСи Жалал-Абад облусунда, Нарын дарыясында жайгашкан. Станция 1961–1962-жылдары пайдаланууга берилген. 60 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келе жаткан станцияда жүргүзүлүп жаткан бул реконструкция негизги жабдууларды жаңыртуу боюнча алгачкы ири масштабдуу модернизация болуп саналат.