www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусундагы түстүү тоолору менен белгилүү Мадыген аймагы миллиондогон жылдардын сырын сактаган, дүйнөлүк маанидеги геологиялык жана палеонтологиялык мурас катары бааланып, дүйнөлүк баалуулуктар тизмесине киргизилди. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти.
Буга арналып, «Мадыген: дүйнөлүк маанидеги палеонтологиялык кенч» аттуу эл аралык симпозиуму өттү. Анда Мадыген – өткөн доорлордун изин сактаган жаратылыштын тарыхый китеби катары каралып, дүйнөлүк палеонтологиядагы орду, аймактын уникалдуу табигый мурасын сактоо жана эл аралык илимий кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Мадыген тоолору — Кыргызстандын түштүк-батышындагы, Баткен облусунун аймагында жайгашкан уникалдуу тоолуу аймак. Бул жер палеонтологиялык жана геологиялык табылгалары менен дүйнөгө белгилүү.
Мадыгенде миллиондогон жылдар мурда жашаган жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн байыркы калдыктары, ташка айланган издери жана скелеттери табылган. Айрыкча триас мезгилине таандык фаунасы илимпоздордун чоң кызыгуусун жаратып, аймакты дүйнөлүк палеонтологиялык изилдөөлөрдүн маанилүү борборлорунун бирине айландырган.

Кыскача айтканда, Мадыген — Кыргызстандын байыркы жаратылыш тарыхын изилдөөгө чоң мүмкүнчүлүк берген уникалдуу “табигый музей”.
