www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кадамжай РИИБдин Үч-Коргон милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Үч-Коргон, Майдан айыл аймагында жайгашкан Исфайрам дарыясынын айыл аймагын аралап өткөн суу каналдарынын жээктеринде жашаган тургундар арасында сууга чөгүүнүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Профилактикалык иш-чаранын алкагында жалпы 80 жаранга, айрыкча ата-энелерге, өспүрүмдөрдүн коопсуздугуна көзөмөлдү күчөтүү жана сууга түшүүдөгү кооптуу жагдайлар боюнча эскертүү актылары таратылды.
Ошондой эле кооптуу аймактарга “Милиция эскертет”, “Сууга түшүүгө тыюу салынат” деген мазмундагы жалпы 48 даана эскертүү тактайчалары орнотулду.
Иш-чаранын негизги максаты жай мезгилинде жарандардын, өзгөчө жаш балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана кырсыктардын алдын алуу.