www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 20-майында Сеул шаарында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) вице-президенти Хонг Сок Хва мырза менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасындагы учурдагы кызматташтыкты жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин талкуулашты. Алардын катарында санариптештирүү, аймактарды өнүктүрүү жана мамлекеттик автопарктын электромобилдерге өтүүсү боюнча демилгелер бар.

KOICAнын вице-президенти Кыргыз Республикасы агенттиктин 2026–2031-жылдарга карата артыкчылыктуу өнөктөш өлкөлөрүнүн тизмесине киргизилгенин белгиледи. Ал бул чечим эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана жаңы программаларды ишке ашырууга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн баса белгиледи.

Последние новости